“АКЧА – ЧАЧПА! ТАКТА! САКТА!”
Бүт өлкө боюнча “Акча” маалыматтык-көңүл ачуучу кампаниясы башталды. “Акча” – бул ар бирибиз күн сайын бет келген нерсе.
Акчаны дайыма эле туура жана натыйжалуу башкара алабызбы? Кыял-максаттарыбызга баратканда ар кандай жагдайларга кылчактабай, тандообузда эркин болууга эмне жардам бере алат? “Акча” кампаниясы дал ушул суроолорго жооп берүүнү көздөйт.
“Көзгө көрүнбөгөн тосмолор”
Ийгиликтүү жана бакубат жашоого бараткан жолдогу “көзгө көрүнбөгөн тосмолорду” өзүңүз гана таап, көрө аласыз.
«АКЧА – МАЕК»
Каржылык жактан ийгиликтүү болушубузга тоскоол болуп жаткан стереотиптерди жолдоштук жана ачык атмосферада талкуулайбыз жана өнүгүү үчүн, бакубат жашоо үчүн жаңы салттарды чогуу жаратабыз.
“АКЧА” сериалы
“Кошунаны тандабайт” жана “Зомбеты” сериалдарынын авторлорунан комедия жана драма элементтери бар жаңы сериал.
Социалдык эксперимент
Көпчүлүктү ээрчиме адатыбызды (“эффект толпы”) жана анын кабыл алган чечимдерибизге таасирин көрсөткөн алгачкы социалдык эксперимент өткөрүлдү. Катышуучулар изилдөөнүн максаттарынан бейкабар эле, жыйынтык аларды таң калтырды.

Жаңылыктар

Өнөктөштүктө
Өнөктөштүктө